super.kg logo

Ошто мал уурулук боюнча кылмыштуу эки топтун бети ачылды

 

Ош облусунда мал уурулук боюнча кылмыштуу эки топтун бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Ноокат районунун тургуну уй торпогу менен Көк-Бел айылында адырда бош жүргөн жеринен белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги тууралуу милицияга арыз жазган. Аталган окуя боюнча Ноокат РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциясынын жүрүшүндө 24-сентябрь күнү шектүү жаран кармалган. Ал Ноокат районунун тургуну 54 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалып, уурдалган малдарды 19-август күнү Өзгөн районунун Прогресс айылында жайгашкан мал базарга алып барып сатып жибергенин билдирген. Ал эми уурдалган малдарды алып саткан жарандар колдон колго өткөрүп жиберип, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан мал базардан табылган.

Ошондой эле 28-сентябрдан 29-сентябрга караган түнү Өзгөн районунун тургуну Кара-Кулжа районунун Сай айылында жашыруун түрдө ошол эле айылдын тургуну үч уйду жайытта жүргөн жеринен Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Жалал-Абад облусуна бара жаткан учурунда Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлерине кармалган. Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: