super.kg logo

Интернетке "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевге окшош адамдын видеосу тарады

 

Интернетке "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевге окшош адамдын Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айтып берген видео тарады. Анда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң доллар алганын айтып берген.

УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан. Ал эми 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына 26-апрелде чыгарылган.

13-майда Биринчи Май райондук соту эки айга камакка алынган Талант Абдуллаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
Ал эми Алина Шаиковага УКМК 5-августта издөө салган.






"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевге окшош адамдын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.10.2019. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul okshosh emey ele, tochno oshol. Men jakshi taaniym Takeni.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: