Кой-Таштагы окуяда жабыркаган Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт
Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүнөт. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин министрлер кабинетинин резервдик фондунан Самат Курманкуловдун дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнгөн.
Самат Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан калыбына келтирүүчү борборго 12-сентябрда жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

А берки каза болгондорго ким жооп берет, эмнеге татыксыз жетекчилер дагыле отурат