5 кыргыз дзюдочусу Азия Кубогунда алтын медаль жеңди

Ысык-Көлдө өткөн дзюдо боюнча Азия Кубогунда Кыргыз өлкөсүнүн 5 спортчусу алтын медаль жеңишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеш 5-6-октябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда жалпы 13 комплект медалдар ойнотулду.
Кыргыз дзюдочулары 17 медаль жеңишкен, алардын арасынан 5 алтын, 5 күмүш жана 7 коло медаль.
Алтын медаль тагынган спортчулар:
Анарбек Ишенбаев (90 килограмм),
Тилек Абибеков (100 килограмм),
Сыймык Жапаров (100 килограммдан ашык),
Мырзайым Дүйшөнбекова (52 килограмм)
Шахида Нармухамедова (78 килограмм).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.