super.kg logo

Садыр Жапаровдун жактоочусу жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылат

 

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жаңы жагдайлар боюнча Жапаровго козголгон кылмыш ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылат. Маалыматты жактоочу SUPER.KG порталына ырастап, ушул тапта бериле турган документтер даяр экендигине токтолду.

"Документтерди берип коё беребиз, бирок карабай коёбу деген чочулоо бар. Буга чейин деле ишти кайрадан карасын деген өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылбадык беле. Биз Садыр Жапаровго ырайым болсун дебейбиз, анын эч күнөөсү жок, зыян тарткан адам жок, жабырлануучу жок, ошондуктан акталып чыгышын талап кылабыз.

Учурда аны камактан бошотуу талабы бар жарандардан кол топтоо да улантылып жатат", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
08.10.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр Жапаров баарыбир акталат эртеби кечби Таарых оз баасын берет бул просто Атамбаевтин заказы менен ак жерден камалды
08.10.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кылар ишти кылып коюп кыл жип менен бууп коюп эми кол топтоо аракетин көрүп жаткан экен да. Жапаров ушунчалык маселе чечкиси келсе келсе Парламентте отурган кезде чечпейт беле. Дароо чет мамлекетке чуркабай.
08.10.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altyn-kumush,папламентте чечип атканда эч ким колдобой койсо эмне кылсын озу чече турган иш болгондо давно чечип коймок
08.10.2019. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адвокатты алмаштырыш керек.азыркы жактоочу актап чыга албайт.откондогу соттук отурумун коруп эле жактоочудан конулум калды.суйлоо речи ан сезими жетишпейт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: