super.kg logo

АКШнын тарыхындагы эң көп киши өлтүргөн мыкаачы аныкталды. Ал 93 кишинин өмүрүн кыйгандыгын айтып берген

 

Сэмюэль Литтл аттуу жаран АКШнын тарыхындагы эң көп киши өлтүргөн мыкаачы деп табылды. Мындай маалыматты АКШнын Федералдык иликтөө бюросу тараткан.

79 жаштагы Сэмюэль Литтл 1970-2005-жылдар аралыгында 93 кишинин өмүрүн алганын моюнуна алган. Алардын көпчүлүгү аялдар болгон. Федералдык иликтөө бюросу анын 50 кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктаган. Ал эми калган 43 кылмышты мыкаачы өзү айтып берген. Анын айтканы толугу менен ачылбай келе жаткан кылмыш иштерине дал келген. Кандай жол менен жана кайсы аймакта мыкаачылык менен өлтүргөндүгүн толук сүрөттөп айтып бергени менен, кайсы жылы жана кайсы күнү болгонун так эстей албай койгон. Полиция кызматкерлерин таң калтырганы да, ирээнжиткени да Литтлдин ар бир мыкаачылык ишин эргүү менен айтып бергендиги болгон.

Курмандыгы болгон бир канча аялдын портретин абакта отуруп тартып берген. Ошол сүрөттөрдүн негизинде полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу сайт ачып, ал жакка Литтлдин тартып берген сүрөттөрүн жайгаштырган. Сүрөттөгү аялдарды тааныган жарандар полиция менен кызматташып, тергөө ишин жүргүзүүгө жардам бере алышат. Мыкаачынын курмандыгы болгон аялдардын өлүмү учурунда баңгизатынан улам каза болгон же дайынсыз жоголгон деп келинген. Ал эми айрымдарынын сөөгү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Сэмюэль Литтл 2012-жылы Кентукки штатында баңги зат сатуу боюнча кармалган. Тергөө ишинин жүрүшүндө 3 кишинин өлүмүнө күнөөлүү экендиги аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Үчөө тең аял киши болгон жана кыйноо менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Сэмюэль Литтл абакта отурган учурунда буга чейин 90 аялды өлтүргөнүн айтып берген. Анын курмандыгы болгон аялдардын көпчүлүгү баңгизатына көз каранды жана денесин сатып иштеген сойкулар болгон. Өмүр бою эркинен ажыратылганына карабай, полиция кызматкерлери буга чейин ачылбай калган кылмыш ишин иликтеп, мыкаачынын курмандыгы болгон ар бир маркумдун ишин тыкыр изилдөө керек деп билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.10.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай кыздарды туура эле кылган экен анда
08.10.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шумдуууук камырабай айтып бериптир го маньяк.
08.10.2019. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эчкинин жашындай жашы калыптыр, ичине батпай айтса керекта
08.10.2019. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калган 100 ун айтканда бул аксакал турмодо калат экен
08.10.2019. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына чыныгы террорист
08.10.2019. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
120 чимкириктердин суротун тарттырыш керек бул кишиге.
08.10.2019. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кулиевага кое берип жибербейлиби.
09.10.2019. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болор ишболуптур изилдеп убара болуп эмне кылышат бир адам олтургон кийин да кан тартып кетет олтуруп коюуудан коркпойт да
09.10.2019. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Benazir08,биздикилерге окшоп жеп ичип чычып жата бер не кыласыңар издеп дейсинби)))... АКШда андай эмес да. Маркумдардын жакындарыга айтыш керек да кантип өлгөнүн. Бузук жолдо жүрсө дагы адам да жакындары бардыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: