Жалал-Абад. Ала-Бука районундагы мектептер 1-сентябрга даяр
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жалпы 46 орто мектеп жана 23 бала бакча бар. Мектеп окуучуларынын жалпы саны 17 миңдин тегереги болсо, бала бакчага барган балдардын саны 3000ди түзөт. Бул боюнча бүгүн, 12-августта Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди. Айтымында, жаңы окуу жылына карата мектептер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1-сентябрга даяр. Ал эми кыш мезгилине карата көмүр бардык мектептерге толук жеткирилип бүтө элек.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















