super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "Элдик курултай" кыймылы улуттук маңызда Конституция жазыш керек деп айтып жатабыз". КҮНСОБОЛ

 

Кечээ, 7-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага президент ар кандай кызматты сунуштап жатканын айтты. Бирок ал президент менен такташып алчу маселелери бар экенин билдирди. "Элдик курултай" кыймылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бекназаровдун айтымында, аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптарга президент макул болгонун айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө Сооронбай Жээнбеков макул экендигин айтты. Ар бир президенттин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев референдум өткөрүп, конституциялык реформа жасаш керектигин айтты. "Мурун көп учурларда президенттер өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн өзүнө ыңгайлуу Конституцияны жазып, ошону каалагандай бычышкан. Азыр болсо биз "Элдик курултай" кыймылы улуттук маңызда Конституция жазыш керек деп айтып жатабыз. Ошонун негизинде референдум өткөрүп, конституциялык реформа жасоо зарыл", - дейт Дүйшөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: