super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн анын негизги маани-маңызын карап көрүш керек". КҮНСОБОЛ

 

Кечээ, 7-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага президент ар кандай кызматты сунуштап жатканын айтты. Бирок ал президент менен такташып алчу маселелери бар экенин билдирди. "Элдик курултай" кыймылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бекназаровдун айтымында, аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптарга президент макул болгонун айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө Сооронбай Жээнбеков макул экендигин айтты. Ар бир президенттин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн анын негизги маани-маңызын карап көрүш керек деген пикирде.

"Биринчиден, 2020-жылдан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укук алат. Экинчиден, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 300 миң жаран демилгелеп, маселени Жогорку Кеңешке жиберсе болот. Ал элдердин өздөрүнүн ыйгарым укугу болуп эсептелинет. Ал эми президенттин каалоосу жөнүндө маселе - бул саясат болушу мүмкүн. Ошондуктан бизде бардык нерседен жогору - бул биздин Баш мыйзам. Адамдар өздөрүнүн ыйгарым укугун биле турган болсо, жалпы кайсы маселе боюнча Баш мыйзамды өзгөртүүгө максат алганын билиши керек. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө ар кандай ой-пикирлер айтылып жатат. Ал Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүн негизги маани-маңызын дагы карап көрүшүбүз керек. Негизи мыйзамда кээ бир нерселерди толуктоо же өзгөртүү - бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Негизгиси Баш мыйзам биздин башкаруу системибизди аныктап турат. Кайсы маселе боюнча, кайсы жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек алардын баары азыр мага белгисиз", - деди Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: