super.kg logo

АКШда сүйүктүүсүнө нике шакек сатып берүү үчүн банкты тоногон жаран кармалды

 

АКШнын Техас штатына караштуу Гровтон шаарында киши үйлөнүү үлпөт тоюнун астында сүйүктүүсүнө нике шакек сатып берүү үчүн шаардагы банктардын бирин тоногон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Окуя 4-октябрь күнү болгон. Хит Эдвард Бампус аттуу жаран банкка куралчан кирип, банктын кызматкерлерин коркутуу менен накталай акча талап кылган. Анын айтымында, банкка каракчылык кылууга кийинки күнү өтө турган үйлөнүү үлпөт тою себеп болгон. Сүйүктүүсүнө нике шакек сатып берүү үчүн акча жетпей жаткандыгын айткан. Полициянын айтымында, банкты тоногондон кийин кийимин жана куралын ыргытып жиберген. Көп өтпөй полиция кызматкерлери шектүүгө тийиштүү болгон буюмдарды жана тапанчаны табышкан. Видео көзөмөлгө түшүп калган Хит Эдвард Бампустун сүрөтүн Фейсбуктагы расмий баракчага жарыялашкан. Бампустун сүйүктүүсү сүрөттү көрүп, анын полицияга багынып берүүсүн суранган. Киши күнөөсүн моюнуна алып, полицияга багынып берген. Полициянын айтымында, ал акчанын көпчүлүк бөлүгүн кайтарып берген. Бампус соттун чечими чыкканча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: