super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки унаа тапшырды деген маалымат чындыкка дал келбейт"

 

8-октябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө Жип үлгүсүндөгү эки унааны Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат тараган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон "Chevrolet Suburban" үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки унаа токтотулган.

Азыркы күндө Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаалар текшерилип жатат деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Интернетке тараган сүрөттөр аз убакыт ичинде катуу талкууга алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.10.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кумурскадан пил жасаганды качан коесунар, курулай пиар жасап жатып уятынар чыкты. Текшерилип жаткан турбайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: