Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы 6 авиакаттамы токтотулду
Бүгүн, 9-октябрда Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы бардык каттамдар техникалык себептерден улам токтотулду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Эйр Манас" компаниясынын 193 (7:35), 194 (9:50), 197(12:00), 198 (13:50) 205 (16:00), 206 (18:10) каттамдары токтотулду.
Ал эми "Эйр Манас" компаниясына байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.