super.kg logo

Шайлоо алдында берген убадасын аткарбай койду деп Мексикада мэрди унаа менен ары-бери сүйрөштү

 

Мексикада Лас-Маргаритас шаарынын мэрин иштеген имаратынан ушул эле калаанын тургундары барымтага алып, кийин анын колун унаага жип менен байлап, андан ары шаар ичинде ары-бери сүйрөшкөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Шаар башчысы Хорхе Луис Эскандондун эл тарабынан мындай "жазалоого" туш болгонунун себеби - шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай койгондугунда болгон. Тагыраагы, ал жаңы жол салып берем деп сөз берген.

Маалыматтарга караганда, 8-октябрь күнү мэрге 50дөй жашоочу топтолуп келип, убадасын качан аткарары тууралуу сурамакчы болушкан. Бирок жооп укмак түгүл алар имаратка кирүүгө да уруксат ала албай коюшат. Мына ошондо ачууланган тургундар "мэр бизге чыкпаса, анда биз аны чыгууга аргасыз кылабыз" деп аны отурган ордунан көчөгө сүйрөп чыгышкан. Анын кеңсеси да талкаланган. Кийин шаар башчысы өз жон териси менен жолдун начардыгын сезип көрсүн деп, аны унаага жип менен байлашып, көчөлөрдү аралап ары-бери сүйрөп жүрүшкөн. Ошол учурда полиция кызматкерлери араң аны өздөрүнө кайтарып алышкан. Бактыга жараша мэрдин ден соолугуна оор залал келтирилген эмес. Ал эми шаар башчысын мындай жол менен "жазалагандар" кармалышкан, алардын саны 30 адамдын тегерегинде деп жазылат маалыматтарда.

Бул окуянын кызыктуу жагдайы да бар. Лас-Маргаритастын мэри шаар тургундары тарабынан кол салууга дуушар болуусу биринчи жолкусу эмес. Буга чейин жашоочулар мэрге карата нааразычылыгын билдирүүдө ага аялдын көйнөгүн кийгизип коюшкан.

Лас-Маргаритас - бул 20 миңден ашуун калкы бар чакан шаар. Калаада жалпы жонунан дыйкандар жашайт жана алар шаардагы абалга маал-маалы менен нааразычылыгын билдирип турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(13)
09.10.2019. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жакшы ыкма экен.
09.10.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Сонун экен!!! Биз да ушундай кылсак жакшы болмок
09.10.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Оо бизде болгондо элестет.
09.10.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бизда ошондой кылсак болот экен...
09.10.2019. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Фамилиясы кантет)))
09.10.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туура бизда ушундай кылышыбыз керек чимкириктерди жогорку кенештеги чаначтарды
09.10.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде ак уйдогулордун башына шапкени баса кийгизип маршрутка менен жаны конуштарды аралай суйрош керек.
10.10.2019. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз дагы, Чуйдун губернаторун Кара Балтадан Бишкеке чейин суйроп келиш керек экен аа. А то жол деги бутпос болду
10.10.2019. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде "убадаларын аткарбады" деп жазалай турган болсок, копчулугу кресло го отура албай калышмак ...
10.10.2019. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анча деле жарат албаса жолдору жакшы эле окшойт. Биздикилердин курсагы жарылып, ичегилери чубалып калмак. Кара балта-Бишкек жолунда
10.10.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскандон )))
10.10.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки саат кулдум.Бизде андай кылсак баары аял койнок кийип,жолдордо тепселип калышат го.
10.10.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ыкма экен бизде Жалал Абад - Маданият жолуна судуротуш керек экен ошондо жолду корот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: