super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марлен Маматалиев: "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты акча чогултуу эмес, адамдардын өмүрүн сактоо". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.

SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айып пулдардын көлөмү жашоо-шартка байланыштуу болушу керек деген пикирде. "Жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдардын суммасы биздин азыркы өзүбүздүн турмушубузга ылайыктуу эмес. Биздин андай айып пул төлөй турган айлыгыбыз жок. Жашоо-шартыбыз дагы анчалыкка жетпейт. Биринчи кезекте долбоор акча чогултуу катарында болуп калып жаткан. Депутаттар айып пулду 3000 сомдон 1000 сомго чейин түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Ага ылайык, айып пулдун көлөмү азыркы жашоо-шартыбызга туура келет. Айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөбөй жатканынын себеби баарына эле белгилүү. Алар айып пулдун өлчөмү жогору болгондуктан төлөбөй жатышат. Адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирген жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду жогорулатуу керек. Ал эми анчалык коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду азайтуу зарыл. Максат акча чогултуу эмес, адамдардын өмүрүн сактоо болушу шарт", - дейт Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: