super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Рита Карасартова: "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн багытталгандай болуп көрүнүп турат". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.

SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.

Укук коргоочу Рита Карасартова билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн эле багытталгандай көрүнүп жатат. "Бул долбоорду кичинекей шаардан баштаса жеңил жана туура болмок. Бүгүнкү күндө булар чоң долбоор кылып башташты. Долбоор 34 миллион доллар менен ишке ашты. "Коопсуз шаар" видеокөзөмөлдү гана камсыздады. Калган маселелердин баарын муниципалитетке үйүп коюшту. Кээ бир жакка муницапилитет жол белгилерин туура эмес чийип койсо ал жерде тыгын көбөйөт. Бүгүн көптөгөн маселелер чечилбей туруп, долбоордун экинчи фазасын ишке ашырабыз деп жатышат. "Коопсуз шаар" долбоору акча чогултуу үчүн багытталгандай болуп көрүнүп турат", - дейт Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: