super.kg logo

Тынар Курбаналиевдин жакыны элге кайрылды. Ал куудулдун айланасында айтылып жаткан имиштерге ишенбөөгө чакырат

 

Куудул Тынар Курбаналиев чекеси жарылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымдалган. Интернет колдонуучулар арасында анын жабыркаганы тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Тагыраагы, айрымдар Тынар Курбаналиев саясий буйруктун негизинде сабалды дешсе, айрымдары жол кырсыгына кабылган дешүүдө. Далили жок маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу куудулдун жакындарынын бири видео кайрылуу жасады. Аты-жөнүм Болотбек Элмурат уулу деп өзүн тааныштырган мырза элди ар кандай имиштерге ишенбөөгө чакырды.

"Тынар Курбаналиев агабыз боюнча кызуу талкуулар болуп жатат. Тагыраагы, ал саясий себептерден улам сабалды, жол кырсыгына кабылды деген имиштер айтылууда. Мындан улам өзү менен байланышып, эмне болгонун тактап сурадым. Тынар агабыз ат оюндарына жакын экенин жакшы билебиз. Ал улак ойноп жатканда кокустук болуп, кашынын үстүн жабыркатып алыптыр. Абалы жакшы экен, сиздерге саламын жолдоп, алдыда көптөгөн сатира, тамашаларын тартуулай турганын билдирди", - деди ал.

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман куудул сабалды деген билдирүүсүн жөнөткөн. Ал так маалыматы жок экенин айткан.
Көп өтпөй эле Тынар Курбаналиев ден соолугу жакшы экенин, бир күн мурда улак ойноп жатып чекесин жарып алганын билдирген. Ал ооруканага барганда белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алганын кошумчалаган.






Тынар Курбаналиевдин жакыны билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.10.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч нерсе эмес, эр жигиттин башына эмнелер келип кетпейт.
10.10.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эсиң оогондой болбой эркек болсоң иним ажалга тике кара
10.10.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Теке чыгып эле тынар комиктен баштаптыр
10.10.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чала сага,элди бөлүп жүргөнүн жүргөн көлдүктөр андай Баткен мындай деп
11.10.2019. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот Эрмамат уулу .
11.10.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынарга окшошуп кетип жатат тус туркун )) тууганы эмес эле бирок
Медиа-портал
13.10.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырррас болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: