Депутат Марлен Маматалиев: "Тышкы карыз 4 миллиард долларды түзсө, анын жарымы жолдорго сарпталды"
Депутат Марлен Маматалиев Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы 4 миллиард долларды түзсө, анын жарымы жолдорго сарпталды. Куруп бүтпөй жатып эле кайра бузуп жатабыз деген оюн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкек-Ош жолун куруп бүтпөй жатып, бузуп алдык. Кыргыз өлкөсү боюнча коюлган таразалар иштебей жатат. 20 миңден ашуун автоунаанын салмагы ашык деп катталса, анын ичинен 275 унаага гана протокол түзүлгөн. Бул бир гана Сосновка пунктунда болгон. Карызга батып, жолдорду кайра кура бербейли. Таразалар өз милдетин аткаруу үчүн, толугу менен автоматташтырылган компьютерлерди ишке киргизүү керек", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
2

