Бүгүн футбол беттешине байланыштуу Бишкектин кээ бир көчөлөрүнө чектөө киргизилет
Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте Кыргыз өлкөсү Мьянма беттешине байланыштуу борбор калаанын кээ бир көчөлөрүнө чектөө киргизилет.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, саат 18:00дөн тарта Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Көчөлөргө чектөө оюн бүткөнгө чейин болот. Футбол беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.