super.kg logo
  Саясат  

Депутат Махабат Мавлянова: "Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босоголук чек менен калышын колдойм". КҮНСОБОЛ

 

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

Депутат Махабат Мавлянова билдиргендей, 9 пайыздык босоголук чек менен өтүү боюнча мыйзам долбоору 5-чакырылышта кабыл алынган. Мен бул босоголук чекти толугу менен колдойм. Өлкөдө партиялар абдан көп. Пайызды азайтуу менен уруулук, аймактык жана башка бөлүнүүлөргө дуушар болобуз. Биримдик сакталышы үчүн партиялардын аз, бирок саз болгону жакшы. Демократиянын туу чокусу деген АКШ, Улуу Британияда деле эки гана партия бар. Андыктан 9 пайыздык босого чек туура эле. Мен долбоор иштелип жатканда 12 пайыздык босого чегин сунуштагам" , - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: