super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Бектур Асанов: "Парламентке өтүү үчүн босого чеги демократия өлкөлөрүндө төмөн болушу керек". КҮНСОБОЛ

 

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов 9 пайыздык босого чеги кооптуу деген пикирде. "Демократиялык өлкөлөрдө босого чеги төмөн болушу керек. Көп мамлекеттерде 3 пайыз, 5 пайыз болот. 9 пайыздык босого чегинен калктын 50 пайыз добушу сыртта калып калат. Бул парламенттин легитимдүүлүгүнө шек жаратат. Элдин добушу көчөдө калып жатат. Анда көптөгөн маселелер парламентте эмес, көчөдө чечилип калат. Бул опурталдуу маселе. Мурунку спикерлер босого чегин төмөндөтүүнү сунуш кылып жатышат. Мен ал сунушту колдойм. Авторитардык бийлик өзүнүн бийлигин сактоо үчүн босого чегин 9-10 пайыз кылып коёт. Бул мыйзам Атамбаевдин учурунда кабыл алынган. Бүгүнкү бийлик муну эске алып босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтөт болушу керек", - дейт Асанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: