Ысык-Көлдө жыл башынан бери автокырсыктан 77 адам каза болгон
7 ай ичинде Ысык-Көл облусунда 214 жол кырсыгы катталып, 77 адам каза болду. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын 7 айына салыштырмалуу 5,9 пайызга көп. Жол кырсыктарынан каза болгондор былтыркыдан 20га көбөйдү. Ал эми 1-августтан бери облуста 37 жол кырсыгы катталган. Анда 11 адам каза болуп, 40 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Жол кырсыктарынын 52,3 пайызы айдоочулардын жогорку ылдамдыкта унаа айдап бара жатканынан улам келип чыкканын билдирет ОИИБ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.