super.kg logo

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки унаа тапшырып жаткан видео тарады

 

Интернетке экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки унаа тапшырып жаткан видео тарады.

Видеодо Эркин Мамбеталиев: "Менден жана менин үй-бүлөмдүн атынан белек. Чын жүрөктөн берип жатабыз, көпкө кызмат кылат. Бата берип койгула жолго чыгалы. Жарнама кылбай эле коёлу дегем, чоңдоруңар болбой койду", - деп айткан.

Анда милиция кызматкерлери ага ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.

8-октябрь күнү Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө Жип үлгүсүндөгү эки унааны Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген маалымат тараган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. Эркин Мамбеталиевге тиешелүү унаалардын терезелери караңгылатылганы үчүн айып пул салынган деген маалымат таратышкан.






Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине унаа тапшырды деген видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.10.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшыы
11.10.2019. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен ОИИБ эмнеге карганып атат анда машина белек кылган жок деп?)))Эх кругом одни аферисты
11.10.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке менчике алса керек да жэ жеке менчикке откоройн дегендир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: