Президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабадга КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти
Бүгүн, 11-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабад шаарына Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШ мамлекеттеринин стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана башкалар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.