Вице-премьер: "2018-жылы ымыркайлардын өлүмү 5 пайызга азайды"
2018-жылы ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 5,1 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, эненин өлүмү 2,6 пайызга азайды. "Жүргүзүлүп жаткан ишке карабастан, жүрөк кантамыр оорусу боюнча өлүм көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Жылдан жылга залалдуу шишик оорусу менен ооруган адамдардын саны өсүүдө", - дейт Өмүрбекова.
КСДП фракциясынын жыйынында саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маселе каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.