super.kg logo

Жактоочу: "Алмазбек Атамбаев Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча соттук отурумга келүүдөн баш тартты"

 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Ал 14-октябрга жылганын сот залынан чыккан жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

"Сот отуруму жылды. Буга Алмазбек Атамбаевдин Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко келүүдөн баш тарткандыгы себеп болду. Атамбаев буга чейин деле бул соттук иштерде ага "дайындалган" бул ролду ойнобой турганын айткан", - деди Сергей Слесарев.

Саат 10до башталган соттук отурум ортодон 1 саатка тыныгуу алып, кайрадан 11де башталды. Бирок арадан 10-15 мүнөт убакыт өтүп сот залынан прокурорлор жана сот чыкты. Алдын ала уктурууга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Бүгүнкү соттук отурумга мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов да чакыртылган.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.10.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Соке жана анын жеке УКМКсы жана башкы прокуратура саясый куугунтуктун ордосу жана сөз эркиндигин муунткан башкы орган болуп калды. Ушул учун Соке жооп берет. Эл эки жылдан ашык Сооронбайдан тыныраак реформаларды күтүп жаткан, бирок Соке андай кыла алган жок. Эл арасында нааразычылык Сокеге осуп жатат. Сооронбай кетсин. Атамбаевти колдойбуз.
erlan2196 түзөттү 2019-10-11 12:31:01
11.10.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аташка дагы Сокеге дагы тартпаган экоо тен болбойт деген адамдар барбы?Батукаев деген теманы дагы 4 жыл козгойбу тиги жакта озу кулуп коюп жатса керек биздин бактыбызга жакшы президент буйрубады го.
11.10.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кездеги олко башчы катары туздон-туз тиешеси бар адам АША. Эгер мындан буйрук болбосо эч ким эч нерсе жасай алмак эмес.Раимжанов деле айтып жатпайбы врачтар буйрук аткарган деп.
11.10.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылар ишти кылып коюп кыл жип менен бууп коюп мындай деген туура эмес. Эл башкарган жана мыйзамды жакшы билген киши катары жоопкерчиликти сезип суракка келиши керек. Суракка келбегидей эмне бул сенин үйүңдүн мыйзамыбы?
11.10.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сот отурумуна келбесе үч күн тамак аш бербей койсоңор,мына барам деп өзү эле дикилдеп чуркап калат.Ошону астыңарда турган немени алып келе албасаңар сот отурумуна өлгөн экенсиңер да.Колун кайрып эле астыша салып алып келсе болот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: