super.kg logo

Тынар Курбаналиев бүгүн ооруканадан чыга турганын айтты

 

Куудул Тынар Курбаналиев көк бөрү ойноп жатканда чекеси жарылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымдалган. Бүгүн, 11-октябрда куудул мырза үйүнө чыгарылат. Мындай маалыматты Тынар Курбаналиев өзү билдирип, окуя тууралуу айтып берди.

"Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Мен үчүн кабатыр болуп жаткан күйөрмандарыма ыраазымын. Ал эми мен жөнүндө ар кандай кептерди айткандарды Кудайга тапшырдым.

8-октябрда жоро-жолдошторум менен Жалал-Абад шаарында көк бөрү ойногонбуз. Оюнга берилип кетип каршы тарабымдагы оюнчуну байкабай калыптырмын. Аны менен кагылышып, чекемди жабыркатып алдым. Буюрса абалым жакшы. Бүгүн ооруканадан үйгө чыгам", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайы:

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман куудул сабалды деген билдирүүсүн жөнөткөн. Ал так маалыматы жок экенин айткан.
Көп өтпөй эле Тынар Курбаналиев ден соолугу жакшы экенин, бир күн мурда улак ойноп жатып чекесин жарып алганын билдирген. Ал ооруканага барганда белгисиз бирөөлөр сүрөткө тартып алганын кошумчалаган.
10-октябрда куудулдун жакыны болом деген Болотбек Элмурат уулу видео кайрылуу жасаган. Ал элди Тынар Курбаналиев тууралуу далили жок маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орустарда от сумы и тюрьмы не зарекайся деген соз бар. Кандай болсо дагы турмого тушкон адамды шылдындап интермедия кылбаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: