super.kg logo

Депутат өлкөдө дарылар өтө кымбат баада сатылып жатканын айтты

 

Депутат Чыныбай Турсунбеков өлкөдө дарылар өтө кымбат баада сатылып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ал КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

"Дары-дармектер карапайым элге жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн атайын салыктык жана бажылык жеӊилдиктер каралган. Бирок мындай шарттарга карабастан, дарылардын баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе жогору болууда. Бул эмнеге байланыштуу?", - деп сурады депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармектердин баасына товарларды түз алып келүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, валюталык солкулук, ошондой эле бааларды жөнгө салуу механизмдеринин дыкат иштелип чыкпагандыгы сыяктуу факторлор таасир этип жаткандыгын билдирди.

Депутат өкмөт саясий эрктүүлүктү көрсөтүп, дары-дармек каражаттарынын бааларынын жөнү жок эле өсүп жатканын токтотууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эмнеге байланыштуу? Бул бизде контроль жок талапка жооп береби бербейби Кыргызстанга ташылып келип жатат аны бутун биздин атка минерлер билет.Кыскасы кой деген Кожо жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: