super.kg logo

Кызыл-Кыя шаарында баңги затын алып жүргөн жарандар кармалышты

 

Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан гашиш баңги затын алып жүргөн жарандар кармалышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь күнү Кызыл-Кыя ШИИБи менен УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы жашоочусу М.у.Ж. аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алышкан. Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык, гашиш баңги заты экендиги аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кармалган жаран Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошол эле күнү "баңгизатка байланышкан" берене менен бир нече жолу соттолуп, учурда Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 49 жаштагы Б.С. аттуу жаранга тинтүү жүргүзүлүп, гашиш баңги заты алынган. Аталган фактыга сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: