super.kg logo

"Эркин-Тоо": Келечек үчүн эскиден арылуу

 

Борбор калаанын так ортосунда Эркиндик бульварынын жана Киев көчөсүнүн кесилишинде көзгө көп көрүнбөгөн эски имарат 1931-жылы курулган. "Басма үйү" деп аталган имараттын аты кийинчерээк “Эркин-Тоо” басмаканасына өзгөргөн. Совет мезгилинде бул жерде көптөгөн гезит, журналдар жана башка басмалар басылып турган.

Бүгүнкү күндө жөнөкөй жаран ал жактагы дүкөн, кафе жана фасадындагы тез тамактануучу жерлерди көрүп, архитектуралык эстелик деп эч ойлобойт. Сурамжылоо жүргүзгөндө көпчүлүк шаар тургундары бул имараттын тарыхын билишкен эмес жана алар үчүн эч кандай баалуу болгон эмес.

Андыктан, бул имаратты бузуп баштагандан кийинки талкуу жаралганы коомчулуктун мурунку жылдарга болгон эскерүүсү. Ошондой эле бул жерде андан да жакшы имарат куруларына ишенбөөчүлүк.

Талашсыз, бул имараттын өзүнүн тарыхы бар. Ал алгачкы шаар гезиттеринин барактарын уккан, бул жакта Ата Мекендик согуш убагында фрунзеликтер фронтко кетерде чогулушчу. Анын жанындагы айтылуу Дзержинкада бир канча муундар сейилдешкен.

Эркиндик бульварындагы көптөгөн бак-дарактар "Басма үйү" курулгандан кийин пайда болгон. 90 жылда эмендер өсүп чыңалса, имарат ачыгын айтканда, мышык ыйлаар абалга келген. Советтик конструктивизм стилиндеги курулган имарат, адистердин айтымында, 60-жылдардагы реконструкциядан кийин өзүнүн кызыктыруучу жагын жоготкон.

Эгерде бүгүнкү көрүнүштү 30-жылдардагы сүрөттөр менен салыштырсак, ачыгын айтканда, көңүл түшөт. Бузулган фасад, сырткы көрүнүшү начар, ар кайсы дүкөндөрдүн жарнактары бул шаардын борборундагы тарыхый имарат буга татыктуу эмес. “Эркин-Тоо” имаратында көп убакыттардан бери толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Анын сыртындагы ар кайсы убакыттардан бери келе жаткан сырткы тышын алмаштыруу жана реставрация кылууну айтпай эле коёлу.

Борбор калаа “Эркин-Тоо” имаратын эбак эле жоготконун моюнга алуу керек, өз убагында карай алган эмес. Мамлекет жана коомчулук көңүл бурбагандыктан, имарат авариялык абалга туш болду.

Бишкектин архитектуралык көрүнүшү үчүн, абдан эле өзгөрүү керек. Шаар өнүгүшү үчүн өзгөрүүдөн коркпош керек. Тарых менен заманбап мезгилдин ортосунда балансты табуу керек.

Тилекке каршы, “Эркин-Тоо” - бул шаардын мурунку мезгили, анын ордуна келечек келиши керек – татыктуу заманбап архитектуралык имарат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жери кимдир бирөөгө керек болуп жатат окшойт. Алеки заматта бузуп ордуна чоон оюн-зоок борборун же, көп кабаттуу үй салып сата калсам деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: