super.kg logo

Куудул Борончу Кудайбергенов тойдо ырдаган чиновниктер тууралуу: "Ар ким өзүнүн ордун тапты"

 

Куудул Борончу Кудайбергенов саясатчылар тойлордо ырдай баштады, ар ким өзүнүн ордун тапты деген видеосу менен бөлүштү. Анын айтымында, артисттер менен саясатчылар бири-бири менен орун алмаша турган учуру келди.

Видеодо куудул буга чейин саясатчыларды артист десе ишенбей койгон досуна кайрылып, "чиновниктер кайсы тойго барбасын ырдап чыгышууда, менин айтканыма эми ишендиңби?" деген.

Борончу Кудайбергенов Талант деген досуна атайын тартып жибергенин айтып буларга токтолду.

"Ал видеону досума эле жибергем. Социалдык тармакка тарап кетет деп ойлогон эмесмин. Өзүм тамада болгондуктан тойлордон чиновниктердин ырдап жүргөнүнө көп жолу күбө болгом. Бирок алар көмүскөдө эле калып калчу. Ушул жылдын күз мезгилинен бери саясатчылар ырчылар менен чогуу же жеке ырдап жаткан видеолору тарай баштады. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тоюнда, андан кийин аэропорттун кызматкерлеринин кечесинде дагы чиновниктер ырдап чыгышты. Модага айланып бара жаткандай", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тоюнда саясатчылар менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун чогуу ырдаган видеосуна шилтеме.






Борончу Кудайбергенов: "Ар ким өз ордун тапты"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
Медиа-портал
12.10.2019. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол келчу Артистерден толк чыгабы?
12.10.2019. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол Чимкириктен толк чыгып жатабы ? Жалаң гана бизнесмендер
12.10.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак ит кара ит баары бир ит.Канча артистин журот депутат министр болуп нени кыйратты
13.10.2019. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Артист болгон учун депутат болушту да
13.10.2019. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артисттердин кучтуулору саясатка келет. А анча рол ойной албагандары саясатка жетпей журот.
13.10.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыкбас бир жан элем саясатка,
Кызыктым өлкөм солго бара жатса.
Мен айтам эл алдында чындыкты деп,
Күйөмүн чоңдорубуз жерин сатса.

Мына мен оңдодум деп мекенимди,
Экөөсү элден качып эңшерилди.
Буларды көрүп туруп калгандары,
Кыйратам деди бирок эл жеңилди.

Саясат чоңдор үчүн оюн болду,
Сапырып эл ырысын чачып койду.
Сандалып канча элим бөтөн жерде,
Сай-сайлап түйшүгүнө абдан тойду.

Саясат сынын бузду өл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: