super.kg logo

Жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочусун урган жаран кармалды

 

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочусун урган жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Интернет тармагында "Айдоочуну жөнөкөй жаран уруп салды" деген видео тараган. Анда белгисиз жаран жүргүнчү ташып бара жаткан айдоочуну муштум менен бир нече жолу согуп калган. Окуя тууралуу маалымат шаардык башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө 10-октябрда саат 18:35 чамасында келип түшкөн. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу маршруттук таксинин айдоочусун уруп, белгисиз тарапка качып кеткендиги маалымдалган.

Ал эми ушул эле күнү Ленин РИИБине С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, белгисиз жаран унаасынан түшүп аны урган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уруп, сабоо" беренеси менен катталып, 11-октябрда "бейбаштык" беренесине өзгөртүлүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1995-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына алып келинди. Учурда тергөө иштери уланууда", - деди маалымат кызматынан.

Буга чейин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы окуя кайсы жерде, качан болгонун тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ошондой эле шектүү 1989-жылы туулган А.Э. деген болжолдуу маалымат берген.






Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу белгисиз жарандан муш жеди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
12.10.2019. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шектуу ошондо 1995 жылкы К Н. бы,же 1989 жылкы А.Э би???
12.10.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимиси ошондо 95 же 89
12.10.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колун сынгыр
12.10.2019. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жазаны аябагыла акчасын алып чыгарып ийбей
13.10.2019. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылап сабак откуло эми бул балага. Баардык жаштар тушунгудой болсун, улуу кишиге кол которбош керек экенин. Эгерде акчага сатылып, женил жазаласанар эртенки куну баарынардын башынарга келет жаштардан таяк жеген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: