Японияны "Хагибис" тайфуну каптады. Каза болгондордун саны өсүүдө
Японияда "Хагибис" тайфуну катталып, 20га чукул адам каза болду. Дагы 120дан ашуун адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кырсыктын айынан 7 миллиондон ашуун тургун үй-жайын таштап, коопсуз жайларга кетүүгө мажбур болушууда.
12-октябрда "Хагибис" тайфуну Япониянын Хонсю аралына түшкөн. Анын борбордук бөлүгүндө басымдын күчү 935 гектопаскаль, ал эми ылдамдыгы секундасына 45 метр, катуулап кеткенде 65 метрге чейин жетүүдө.
Ал эми Токиодо тайфундун ылдамдыгы секундасына 41,5 метрге жеткен. Катуу бороондун, шамалдын кесепетинен 376 миңден ашуун үй электр жарыгысыз калган.
Тайфун Япониянын түштүк бөлүгүнөн чыгышты көздөй жылып келе жатканы айтылат маалыматта.
Японияда тайфундун кесепетинен 20га чукул адам каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
-2

Албетте Кудай сактасын!
Булардаго кочо турган, бара турган жери бар экен. Биз каяка барат элек((
Еще булардын кыйраганын мамлекет толоп берет. Бизде эч ким толобойтко(((