super.kg logo

Ардагерлер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Күмүш байгеге ээ болгон Бердикул Караевди салтанаттуу түрдө тосуп алышты

 

Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Бердикул Караев күмүш медалга ээ болгон.

Бүгүн, 13-октябрда жеңиш ээсин "Ош" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Ага шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана Караевдин жакындары келишкен. Алар Бердикул Караевге ак калпак жана чепкен кийгизишти.

Ал эми күмүш медалдын ээси беттеште кимдер менен күч сынашканына токтолуп, машыктыруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

"Мелдешке даярдаган машыктыруучуларга, мени менен машыккан спортчуларга ыраазычылыгымды билдирем. Биздин негизги максатыбыз - кыргыз желегин бийик желбиретүү", - деди ал.

Ардагерлер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна 40 мамлекеттин спортчулары катышкан. Анда Кыргыз өлкөсү 4 медалды алган.

- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев 78 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып, алтын медаль тагынган.

- Билимбек Капарбеков 78 килограмм салмакка чейинки категорияда күмүш медалга ээ болгон.

- Грек-рим күрөшү боюнча 88 килограмм салмакка чейинки категорияда Бердикул Караев күмүш медаль тагынган.

- Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 70 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып, коло медалдын ээси болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.10.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чала спортиктер ушулардан улгу алгыла
13.10.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулууну эмнеге мындай тосуп албадынар
13.10.2019. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,Бул Ош аерпортту Айсулуу Бишкекке учуп келди окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: