super.kg logo

Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун жакындары анын баракчасына үлпөт тоюндагы сүрөтүн жарыялады

 

Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюктун үй-бүлөсү анын жаш кезинде үлпөт тоюнда түшкөн сүрөтүн актрисанын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Архивдик сүрөт актрисанын жолдошу Пётр Чернышев менен баш кошконуна 11 жыл болгонунун урматына жарыяланган.

Сүрөттөн Заворотнюк ак үлпөт көйнөк кийип, жолдошу Пётр менен деңизде түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот.

Ал жакка жазылган билдирүүдө ал экөөнү жакын туугандары, достору куттуктаганы жана дүйнөдө Пётр менен Анастасиянын сүйүүсүнөн улам дүйнөдө сүйүү бар экени айтылат.

"Жашоодо бактылуу көз ирмемдер ошол эле учурда кыйынчылыктар болот. Мына ошол учурда сүйүктүү адамыңа убакыт бөлүү өтө маанилүү. Силер ар дайым суктандырып, бирге болуп келдиңер, мындан ары дагы көп нерселерди жасай аласыңар", - деп айтылат билдирүүдө.

"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон актрисаны акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап келгенин чет элдик басылмалар буга чейин жазып келген. Ал бул залалдуу шишик менен жарым жылдан бери күрөшүп келгени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экөө бири бирине аябай эле пара экен...Бир кем дүйнө экен да баарибир.Бул дүйнөдө канчалык бактылуулука,жакшы жашоого аракет кылба,баарибир бир кеми чыгат тура!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: