super.kg logo

Транспорт министринин мурдагы орун басарынын жаза мөөнөтүн Бишкек шаардык соту 2 жылга кыскартты

 

Ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн эки жылга Бишкек шаардык соту кыскартты. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 9-октябрда чыгарган.

30-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Азимкан Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

Окуянын чоо-жайы:
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалап, 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган.

Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.

Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип эле журо берет экенбиз да 500000 доллар шапка сураса анда мурун буга чейин алган башка шапкалары канча болду экен.Элдер 1000 сомго зар болуп олтурушат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: