super.kg logo

Чүй өрөөнүндө Борбор Азиядагы алгачкы панорама музейи курулат

 

Өлкөдө "Манас" эпосуна арналган панорама музейи курулат. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу билдирди. Ага ылайык, понорама музейи үчүн Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө караштуу аймактан жер алынган. Учурда курулуш иштери башталганы турат.

"Панорама музейи - бул тарыхый окуялардын, инсандардын таржымалын чагылдырган чоң көлөмдөгу сүрөттөрдүн галереясы десек болот. Панорама музейи дүйнөнүн көп мамлекеттеринде бар. Алсак, Ватерлоо шаарында Напалеондун акыркы согушу тууралуу панорама музейи курулган.Туркияда Мехмед Хан Стамбулга кантип кирип келгендигин баяндаган музей бар. Мындан тышкары, Бурса шаарында түрк элдеринин Орто Азияга көчүп баруу тарыхын чагылдырган панорама музейи иштейт. Бул долбоор ишке ашса Борбор Азиядагы алгачкы панорамалык музей болуп калат. “Манас” панорама музейи улуттук наркыбызды, баалуулугубузду дүйнөгө таанытуучу музей болот деп ишенем. Кыргыз эли коррупциянын, митинг-пикеттердин эмес, ушундай улуттук мурастардын өлкөсү болушун каалайм. Долбоордун алгачкы этабына кирген имараттар 2 жылдын ичинде курулуп бүтөт", - деди Темирлан Сарлыкбек уулу.






Чүй өрөөнүндө "Манас" панорамалык музейи курула баштайт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
14.10.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: