Ошто 16 жаштагы кыз дары ичип, ууланып, ооруканага түшкөн
Ош шаарында 16 жаштагы кыз дары ичип, ууланып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-октябрдан 11-октябрга караган түнү Ош облустук ооруканасынын дарыгери милиция кызматкерлерине кабар берген. Кабарда 16 жаштагы кыз дары ичип, ооруканага түшкөнү айтылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыз окуя болгон учурда үйүндө жалгыз болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Бул маалыматты Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгерлери да тастыктап, кыз дарыланып үйүнө чыгып кеткенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.