super.kg logo

Прокурор: "Алмазбек Атамбаев соттук отурумду менсиз өткөргүлө деп өтүнүч катын жазса, ал каралмак, анын "мен катышпайм" дегени өтүнүчкө жатпайт"

 

Бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча соттук алдын ала уктуруу өтмөк. Бирок бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаев келбегендигине байланыштуу эртеңкиге жылдырылды.

"Өзүңөр көргөндөй, Алмазбек Атамбаев бүгүн да камерадан чыкпай коюп, соттук алдын ала уктурууга келген жок. Буга байланыштуу ага карата акт түзүлдү. Сот Атамбаевди алып келүү боюнча СИЗОнун башчысын жана конвойду милдеттендирди. Конвойдун милдети - соттун токтомун аткаруу", - деди Башкы прокуратуранын Жазык жана жарандык иштер боюнча улук прокурору Медербек Абдышев.

Журналисттердин "Атамбаевдин жактоочусу соттук отурумдарга катыша албайм деген арызын жазып бергенин айтып жатышат. Сиздер ал арыз менен тааныштыңыздарбы?" деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

"Мыйзамда көрсөтүлгөн, эгер ал өтүнүч менен менин катышуумсуз карагыла деп жазса, биз карайбыз. Ал эми анын "мен катышпайм" дегени "менсиз карагыла" дегенге жатпайт.

Жазык-процессуалдык кодекстин 286-беренесинин талаптарына ылайык, соттук отурум айыпталуучунун катышуусунда өтүшү керек", - деди Абдышев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.10.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атамбаевдин ойундай болсо, анда тиги Батукаев озуно озу справка жасап, озу баарын уйуштуруп, башкаларды сатып алып, чондорго акча берип, озу кармалбай качыптыр да. Бирок, Атамбаев билбептир. Бул созду айтсан отуп бараткан мышык да кулот))))
14.10.2019. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
АША артист экенго
14.10.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевтин жакындарын Турциядан кримтоболдор барымтага алып Алмаздан Батукаевти чыгар дегени учун айла жок чыгарган, болбосо чыгарбайт болчу.
15.10.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Атамбааеди шын журектен окинемин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: