super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева: "Бирдиктүү финансылык рынок түзүүдө ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынышы керек". КҮНСОБОЛ

 

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бирдиктүү финансылык рынок түзүүдө ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынышы керек деген пикирин айтты.

"Евразиялык экономикалык биримдик түзүлгөндөн бери мындай сунуштар ар кандай булактардан байма-бай айтылып келет. Учурда Орусиянын эмгек рыногунун басымдуу бөлүгүн биздин мекендештер түзөрүн билебиз. Ошондуктан мындай сунуштун келечекте ишке ашуусу реалдуу деп ойлойм. Жеке мен ЕАЭБге кирүү маселеси каралып жатканда биздин өлкөдөн барган эмгек мигранттарына шарт түзүлүшүнө басым жасагам. Бирдиктүү финансылык рынок түзүү алдында ар бир мамлекет экономикалык жана финансылык анализ жүргүзүүсү керек. Тагыраак айтканда, чечимди терең аналитиканын негизинде гана кабыл алуубуз шарт. Албетте, Орусиянын президентинин айткандары бул жөн гана сунуш. Эгер мамлекеттик кызыкчылык болбосо, анда мындай сунуштардан баш тартуу керек", - деди Алтыбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: