super.kg logo

Хейтерлер түбүнө жеттиби? Белгилүү корей актрисасы жана ырчы Соллинин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

 
F(x) кыздар тобунун курамында.
Эң көрүнүктүү ролдорунун бири "Реал" деген тасмада актёр Ким Су Хён менен баш каарманды ойногону болгон.
Соңку ролдорунун бири - "Отель дель Луна" сериалы.

Бүгүн, 14-октябрда Түштүк Кореянын белгилүү актрисасы жана ырчысы Соллинин жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Полиция кызматынын маалыматы боюнча, 25 жаштагы атактуунун өлүмү боюнча түрдүү версиялар каралып жатат, бирок анын башкыларынын бири өз жанына кол салуу болуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Солли менен анын менеджери байланыша албай койгону үчүн үйүнө издеп барган жана аны жансыз абалда тапкан. Буга чейин да Соллинин өз жанын кыюуга аракеттери болгон.

Солли (өз аты-жөнү Чой Жин Ри) 1994-жылы 29-мартта төрөлгөн. Ал f(x) кыздар тобунун курамында 2009-жылы дебют жасаган. Кийин ар кандай ушак кептердин айынан аталган топтон чыгып, актрисалык карьерасын баштаган. Эң көрүнүктүүсү "Реал" деген тасмада актёр Ким Су Хён менен аткарган баш каармандын ролу болгон. Акыркы учурда "Хейтерлердин комментарийлеринин түнү" деген аталыштагы берүүдө алпаруучу болуп иштеп жаткан.

Солли k-pop жылдыздарынын арасынан эң көп талкууга түшкөнү менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын жүрүм-турумундагы ар бир кыймыл, кийген кийими, жеке жашоосундагы жаңылыктар заматта көңүл чордонуна түшүп, көбүнесе интернет булактарында кескин сындоого кабылчу.

2017-жылы "Elle Korea" журналына берген маегинде "30 жашка келгенде эмне кылгың келет" деген суроого Солли "мен келечек жөнүндө ойлоно деле бербейм, себеби мен үчүн 30 жаш өтө алыстай туюлат" деп жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
15.10.2019. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окунучтуу
15.10.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун жаш кеттип тир
15.10.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи суроту Айдана Декага окшош экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: