super.kg logo
  Саясат  

Мухаммедкалый Абылгазиевдин фитнес-клубдун ачылышына катышкандыгы боюнча өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы түшүндүрмө берди

 

Интернетке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин фитнес-клубдун ачылышына катышкан сүрөтү тарап, кызуу талкууга алынган. Сүрөттөн өкмөт башчы кызыл тасмалды кесип, фитнес-клубдун ачылышын жасаганын көрүүгө болот.

Бул окуя боюнча өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов өзүнүн Фейсбук баракчасына түшүндүрмө жазды.

"Өткөн жумада премьер-министр BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумуна катышып, анда сөз сүйлөп, Trade Expo адистештирилген көргөзмөсүнө катышкан. Ошондой эле форумдун катышуучулары менен маектешип, өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан, анын ичинде инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү иштер тууралуу айтып берди. Чындыгында, форумдун жүрүшүндө айрым катышуучулар, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып премьер-министрге жакын жайгашкан спорттук ден соолукту чыңдоочу борбордун ачылыш тасмасын бирге кесүүнү сунушташкан. Чогулгандарга сый-урмат көрсөтүү менен Мухаммедкалый Абылгазиев бул чакырууну кабыл алып, чакан аземге катышкан. Биз мындан эч кандай жаман жорукту көргөн жокпуз, бирок айтылган сын-пикирлерди туура кабыл алабыз", - деп жазды ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: