super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитетинде сот системин өнүктүрүү боюнча долбоор кийинки жыйында каралмай болду

 

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде сот системин өнүктүрүү боюнча долбоору каралмак.

Депутат Курманкул Зулушев сот системин өнүктүрүү тууралуу долбоор боюнча баяндама жасаганга кимдер келгенин сурады.

Комитет төрагасы Канат Керезбеков баяндамачылар күн тартибинде бекитилгенин айтты. "Баяндамачы катары Жогорку Соттун төрайымы Гүлнара Калиева, Судьялар кеңешинин төрагасы Нурланбек Атаназаров, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева бекитилген. Жогорку Соттун төрайымы, финансы министри иш сапарда", - деди Керезбеков.

Зулушев вице-премьер-министр дагы жыйынга катышуусу керектигин айтты. Ал бул маселени кийинкиде кароону сунуштады. Депутаттар бул сунушту колдоп, маселе кийинки жыйында каралмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: