super.kg logo

Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан комиссияга бир канча суроолору бар экенин билдирди

 

Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, учурда "барымтага алуу" жана "массалык баш аламандык уюштурууга" айыпталып жаткан Фарид Ниязов Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө ачык кат жолдоду. Бул тууралуу КСДП маалымат таратты.

Ал комиссия мүчөлөрүнө бир канча суроо узатып, жооп берүүнү сунуштады.

"1. Массалык баш аламандыкка жана анын кесепеттерине айыптоону УКМКнын мыйзамсыз жүргүзгөн атайын операциясынан бөлүп кароо мыйзамдуубу? Чындап келсек, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан дал ушул атайын операция болду. Мен билгенден Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ дагы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосуна экс-президент менен тынч жолугушууга келген жай жарандарга карата курал колдонуу менен жүргүзүлгөн атайын операцияны кайсы мыйзамга таянып өткөргөнүн айтып бере алган жок. Ал жакта террорчулар жок болчу.

2. Атайын операциянын мыйзамсыз өткөнү жөнүндө жетиштүү негиз турса да, эмне үчүн ал операцияны жүргүзүү чечимин кабыл алган жооптуу адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартышпайт? Атайын операция оор кесепеттерге алып келди, атайын отряддын кызматкери каза тапты, эгер ал операциянын мыйзамсыздыгы далилденсе, жооптуу адамдар өз жазасын алышы керек.

3. "Альфа" атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким куткарды?

4. "Альфа" атайын бөлүктүн кызматкерлерин ким жардамсыз, колдоосуз калтырды? Атамбаевдин үйүнө куралдуу адамдар кол салып, ал жердеги жарандарды аткылагандан кийин жергиликтүү тургундар Атамбаевдин үйүнө келишти. Алар жаалданып алышкан болчу, Атамбаевдин тарапташтарынын аракети менен гана атайын отряддын кызматкерлерин мындан да жаман кесепеттерден сактап калууга мүмкүн болду. Атамбаевдин тарапташтары дарыгерлерди жарадар болгон жоокерлерге киргизишти, ооруканага алып кетүүгө жардам беришти. Калган 6 спецназды эртеси эртең менен УКМКнын өкүлдөрү келип, коопсуз жерге чогултулуп коюлган куралдары менен кошо алып кетмек. Бирок УКМК өзүнүн адамдарын жиберген жок, мындан улам Атамбаевдин тарапташтары өздөрү калган спецназдарды жеткирип беришти. УКМК аларды жардамсыз калтырды.

5. Эмне үчүн экс-президенттин тарапташтары жаалданган элди тынчытып, 7-август күнү кечинде Бишкекке баруусуна жол беришкен жок? Бул учурда күч органдарынын ындыны өчүп турган кез эле. Нааразы элдин саны аябай өскөн, бирок Атамбаевдин тарапташтары жана экс-президент өзү кан төгүүгө жол бергиси келбей, тынч диалогго умтулушкан. Өлкөдөгү тынчтык баарынан жогору.

6. Эмне үчүн Атамбаевдин тарапташтары эртең менен айтылгандай, саат 16:00дө Кой-Таштан "Медиа форумду" көздөй түшүшкөн жок? Алар спецназдарды жана алардын куралдарын алып кете турган УКМК өкүлдөрүн күтүшкөн. Куралдарды кароосуз калтырып коё алышкан жок жана бийлик "демонстранттар Бишкекке курал менен түшүп келатат" деп жар салышына жол бере алышмак эмес.

7. Эмне үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-августка караган түнү жасаган кайрылуусу тынч мүнөздө болгон жана бийликти терең ойлонуп, сүйлөшүүгө келүүгө чакырыкты камтыган? Экс-президент кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенген.

Жарандык коом көтөрүп чыгып, бирок тиешелүү жооп алынбай калып жаткан дагы далай суроолор бар. Ачык катымда мен бул суроолордун арасынан өзүмдүн көз карашым бар айрымдарына гана токтолдум. Эгер керек болсо, Мамлекеттик комиссиянын отурумунда анын суроолоруна жооп бере алам", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.10.2019. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жээнбековдор эн туура эмес иш кылып жатышат кийин окунуп каласынар. Саясий тунгуюка кептелди. Менде мындай суроо? эмнеге Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана башкалардын соту 2 чи жылга кетип бара жатат эгер далил болсо куноосу болсо 6 айда бутмок сотунар очуп бараткан чокко айланды. Анткени далил жок эч соттой албайсынар.
15.10.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевти бийликтен кетирип туруп, Сооронбай ушунчалык сасыды. Сооронбайга жакшылык кылып кереги жок болчу. Атамбаев ото ак конул киши. Ичинде кири жок Сокени жанында алып жургон. Болбосо Сооронбайдан откон кыйындар толтура. Атамбаев учун чон жанылыш болду. Соке бийлике келип деле эч нерсе жасай алган жок. Таянганы ГКНБ эле болуп калды. Эки уч жылдан бери Жээнбековтордун сасыган калптарын угуп келе жататбыз.
Ka2sr1 түзөттү 2019-10-15 13:39:26
15.10.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ka2sr1,Эң туура байкуш Атамбаев Соке досум деп жакшы көрчү эле а Соке досу Атамбаевдин артына 10 тонна сууну куйуп туруп суюк чычып жиберди.
15.10.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке Атамбаевге суу эмес кока кола куюп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: