super.kg logo

Экономика тармагындагы "Нобель" сыйлыгынын ээлери аныкталды

 

Экономика тармагындагы "Нобель” сыйлыгынын ээлери аныкталды. Альфреда Нобелдин жаркын элесине арналган “Нобель” сыйлыгы 2019-жылдын экономика тармагындагы ээлери Абиджит Банерджи, Эстер Дюфло жана Майкл Кремер болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып чыкты.

Сыйлык глобалдык жакырчылык үчүн күрөшкөн адамдарга берилет” деп билдиришти Нобель комитетинен. Сыйлык Швед улуттук банкы тарабынан 1968-жылы уюшулган. Ал негизги беш сыйлыкка тиешеси жок. Сыйлыктын бул жылдагы көлөмү 9 миллион швед кронун (900 миң доллар) түзөт. Экономика боюнча сыйлык Стокгольмда башка сыйлыктар менен бирге 10-декабрда тапшырылат.

Эстер Дюфло Массачусетс технологиялык институтунун мындай наамга жетишкендердин ичинен экинчи айым болуп калды. Биринчиси 2009-жылы америкалык Элинор Остром өзүнүн экономикалык башкаруудагы анализи үчүн сыйлыкка татыган.

"Нобель" сыйлыгы бир жылда бир жолу физика, химия, медицина, адабият жана тынчтык үчүн ыйгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: