Орусия китептер союзунун жетекчиси Сергей Степашин: "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында сапатсыз, жасалма китептер сатылууда
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго Орусия китептер союзунун жетекчиси Сергей Степашин кайрылуу жасады. Бул тууралуу Сергей Степашин социалдык тармактарга жазып чыккан. Кыргыз өлкө башчысына жолдогон катында ал учурдагы сапатсыз окуу китептер көйгөйүн козгогон.
Кайрылууда: "Учурда китеп рыногунда болуп жаткан баш аламандык сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Орусиянын интеллектуалдык менчиги болуп, бирок Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан басылып чыккан окуу китептеринин сапаты көп маселе жаратууда. Буга далил катары 2019-жылдын июнь-август айларында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын айтсак болот. Демек, бул нерсе өлкөдө окуучулар сапатсыз, жасалма жана илимий-усулдук жактан актуалдуулугун жоготкон китептерди окуп жатышат дегенди билдирет. Сапатсыз китептер балдардын билим алуусуна гана эмес, ден соолугуна да зыян тийгизиши мүмкүн. Китептер рыногундагы ири махинациялар бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, жалпы ЕАЭБге кирген мамлекеттер үчүн дагы кооптуу. Мониторингдин жыйынтыгында эң көп контрафакттык китептер “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында сатылып жаткандыгы аныкталган. Өкүнүчтүүсү контрафакттык китептер бюджеттик каражаттарга сатып алынган учурлар кездешти. Окуу китептеринин көйгөйү бүгүнкү күндө курч абалда турат. Сизден мыйзамсыз китеп нускаларын сатууга тыюу салган чараларды колдонуу үчүн буйрук берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле кыргыз өнөктөштөрүбүзгө окуу китептерин чыгарууга лицензия берүү практикасын колдоп берүүңүздү суранабыз”, - деп жазылган.









1 |