super.kg logo

Батукаевдин иши боюнча соттук алдын ала уктуруу аяктады. Атамбаевди үй камагына чыгарышкан жок

 

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу аяктады. Бүгүнкү отурумда Алмазбек Атамбаевдин жана ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Камчыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасы каралды.

Соттук уктурууда айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Башкы прокуратуранын Жазык жана жарандык иштер боюнча улук прокурору Медербек Абдышев Алмазбек Атамбаев менсиз деле уктурууну өткөрө бергиле деген катынан улам судья уктурууну жүргүздү.

"Алмазбек Атамбаев "мен катышпайм деген арызынын ордуна, менсиз өткөрүүгө макулмун" деген өтүнүчтү келтирди. Сот муну канааттандырып, алдын ала уктуруу өттү. Анда айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасы каралып, Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Качкыналиевдин дагы баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Эгерде айыпталуучулар катуу ооруп, ден соолугу начар болсо, бөгөт коюу чарасы жеңил түргө алмаштырылмак. Бирок алар оор кылмышка айыпталып жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы камакта калтырылды", - деди Абдышев.

Соттук алдын ала уктуруу эртең, 16-октябрда саат 10:00дө уланмакчы.






27 томду түзгөн Батукаев боюнча соттук иш: Атамбаев келген жок

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.10.2019. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болгон иш болду дечи.. Бирок, позор эле болуп жатабыз. Бир зекти чыгарып жибергени учун ушунча адамды камап,оор кылмыш деп (мейли жазаларын алышсын,эгер куноолуу болушса) бирок,2010-жылы мындан оор кылмыш кылып алып деле жазасын албай журушпойбу. Осол болсо кечирим сурайм бирок,хххх жаламайлардын заманы да. Ошончолук мыйзам баарына бирдей экен,ошондо эле камабайт беле буларды
Модератор admin_media түзөттү 2019-10-16 09:19:39
15.10.2019. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazarmat92, туура айтасын, бирок ошол 2010 жылдагы оор кылмыш кылып журглндорду эмне Атамбаев озу камаган жок? Аша 2010 -2016 жылдары президент болуп турган
15.10.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевге кайдагы уй камагы. Анын бардык кылмыштарына окум чыкса, дагы 60-70 жыл калып кетет турмодо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: