super.kg logo

"Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын президенти: "Манас" аэропортунун 30 кызматкери жумуштан алынды деген чындыкка дал келбейт"

 

Кечээ, 14-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунун кызматкерлерибиз деген 50дөй адам митингге чыгышкан. Анда кызматкерлер "Манас" эл аралык аэропортунун филиалдарынын биринде иштегендерди эч себепсиз, акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетире баштаганын айтып нааразы болгон. Натыйжада "компанияда иштеген 30дай адам жумушсуз калды" деген маалымат тараган.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы: "Аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздуктун системи бирдиктүү болушу шарт. Ошондуктан компаниянын коопсуздук кызматында иштеген айрым кызматкерлерин айлык акыларын жана социалдык жеңилдиктерин сактоо менен Бишкектеги "МАМ" ААКга которуп жатабыз", - деген комментарийин берген.

Бүгүн, 15-октябрда бул окуяга карата "Компания Манас Менеджмент" ЖАКтын президенти Нурсултан Белековдун расмий кайрылуусу жарыяланды.

"Биринчиден бул чындыкка дал келбейт. Сөз болуп жаткан 30 адам "Кыргыз Манас Менеджмент" ЖАКтын кызматкерлери. Алар аэропорттун коопсуздугу жана жүктөр үчүн жооп берет. Ошол эле учурда бул ЖАКтын 100 пайыз акциялары "МАНАС" ААКга тиешелүү. Өз ишмердүүлүгүбүздүн алкагында биздин компания тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча жана авиациялык коопсуздукту бекемдөө үчүн чараларды көрүп турабыз. Биздин өлкөгө ташылып келген бардык жүктөр "Манас" компаниясы аркылуу ишке ашат. Ошондуктан биз бул багытта иштерди күчтүү көзөмөл астында алып барабыз. Акыркы 3-4 айдан бери биз тараптан солгундоолорду табуу жана жок кылуу боюнча иштер жасалып келе жаткан. Тилекке каршы, мониторингдин жыйынтыгы "Кыргыз Манас Менеджмент" ЖАКтын коопсуздук кызматында солгундоолор бар экенин көрсөттү. Биз авиациялык коопсуздук боюнча адистер менен кеңешип, "Манас" компаниясынын коопсуздук кызматы менен "Кыргыз Манас Менеджмент" коопсуздук кызматын бириктирели деп чечтик. Бул авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарына жооп берет. Өлкөнүн аба мейкиндиги боюнча кодекске ылайык, аэропорттун эксплотанты түздөн-түз авиациялык коопсуздукка жооп берет деп айтылган. Ошону менен биздин компания "Кыргыз Манас Менеджмент" ЖАКтын 30 кызматкерин Бишкектеги филиалдын курамына кошуу чечимин кабыл алды. Бул кызматкерлер мурунку иштеген жериндеги айлык акыларын сактоо менен "МАМ" компаниясына кызматка алынат", - деди ал.






«Компания Манас Менеджмент» ЖАКтын президентинин расмий кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.10.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда эмнеге акысыз өргүү жаздыртпай эле перевод кылбайт
17.10.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу аэропорт тим эле бардак го,чиркин!Шыпылдашып акча жейм деген эле адамдар..Регистрациядан откон жерде жугун ашып кетсе килейтип акча алышып чонтогуно салышат,кээ бирлерин жон эле 200 сом алып откозуп жатышты.Ручной кладь качан таразага коюлчу эле?Аны да койдуруп таразага ашыкча акча алышты,мен учун 1300 сом обидно деле эмес бирок ото адилеттуулук жоктугуна тан калдым.Россияда андай эмес,эч ручной кладьга толобоптурмун 10 жылдан ашуун убакыт...Окунучтуу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: