ИИМ: "Тергөө кызматы Фарид Ниязовго иштин материалдары менен таанышуусуна тоскоолдук кылган эмес"
Тергөө кызматы президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жана анын жактоочусуна иштин материалдары менен таанышуусуна тоскоолдук кылган эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразы болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат тараган.
"ИИМдин тергөө кызматы Кой-Таш айылындагы 7-8-август күндөрү массалык баш аламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Тергөө учурунда шектүү Фарид Ниязов бир нече жолу №1 тергөө абагынан ИИМдин тергөө кызматына тергөө иш аракеттерин жүргүзүү үчүн алынып келинген. 5-сентябрь күнү Фарид Ниязов жеке чечиминин негизинде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш аракеттерине катышуудан баш тартты. Жактоочу өзүнүн жеке колу менен Ниязовдун тергөө иш аракеттерине катышуусунан баш тарткандыгын каттаган. Ушуга байланыштуу Ниязовду тергөөнүн дайындалган экспертизалары жана корутундусу менен тааныштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ички иштер министрлиги белгилеп кетет, тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Фарид Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен таанышуусуна тоскоолдук кылган эмес жана кылбайт дагы", - деп билдирет басма сөз кызматынан.





1 |