Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти менен жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин башчылары Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети үчүн Түркия бир тууган жана дос мамиледеги мамлекет экенин өзгөчө билдирди. Режеп Тайып Эрдогандын 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө болгон расмий сапарынан кийин өлкөлөрдүн мамилеси жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн ортосундагы түрдүү деңгээлдеги жигердүү диалог активдешкенин канааттануу менен белгиледи.
Тараптар дагы бир жолу биргелешкен күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргыз-Түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.




Эрдоган: алейкум ассалам соке. Кандай анан тынчсынарбы?
Соке: жүрөбүз акырын... Ушу менде ыйман жок десеңиз, ошого ыйманга деп 5 миллион $$$ берсеңиз жакшы болот эле...