Хабиб Нурмагомедов түбөлүк жеңилбес болуп калуу мүмкүн эмес экенин айтты





Жеңил салмактагы орусиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасында түбөлүк жеңилбес болуп калуу мүмкүн эмес экенин айтты.
"Менин оюмча, мага дагы саналуу эле жылдар калды. Бул жылдарды максималдуу түрдө эки жыл же үч жыл деп айтсак болот. Мен түбөлүк салгылашууну каалабайм жана билем бул абдан оор иш. Мен келечекте көптөгөн жаш жигиттер салгылашууга бара турганын дагы билем. Мындан улам түбөлүк жеңилбес болуп калуу мүмкүн эмес экенин түшүндүм", - деген Нурмагомедов өз сөзүндө.
Нурмагомедов буга чейин UFC ичинде чемпиондук титулун эки ирет сактап калган. 31 жаштагы спортчу октагонго 2020-жылы чыга турганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bekturbek

16.10.2019. 13:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биргана UFCнин башчылары,основателдери узакка жашайт!!! Калганы баары UFCге иштеп берет!!! Утуру келгени.
Bekturbek түзөттү 2019-10-16 13:56:16
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.